Бишкектин мэрлигине талапкерлерди каттоо үчүн документтер кабыл алына баштады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 26-августка дайындалды. Шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт. Мыйзамдарга ылайык шаар мэри кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары, фракциялардын коалициялары жана министрлер кабинетинин төрагасы укуктуу.
Каттоо үчүн Бишкек шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субъект 20-августтан кечиктирбестен саат 18:00гө чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына документтерди кабыл алышы керек.