Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу өттү

Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 4-9-августта Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.

Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан