Биз социалдык тармакта

"10 миң сом айып салынган". Бишкекте коронавируска байланыштуу диний мекемелерге рейд уюштурулду

Туруксуз эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарынын Свердлов районундагы мечиттерде санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо боюнча рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд санитардык-экологиялык инспекциянын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана Свердлов районунун РИИБинин өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлгөн.

"Алты акт түзүлдү. Бет кап режимин жана аралыкты сактабаганы үчүн 1 чиркөө жана 1 намазканага жалпы 10 миң сом айып салынды. Ошондой эле плакаттар таркатылып, коронавирус инфекциясынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aibaaaa
2021-08-10 07:29:23
Маршруткаларга дагы рейд кылып крйгулачы маска жок аралык сакталбайт. Мечиттерди эле текшере бербей.
+5
Aibaaaa
2021-08-10 07:30:17
Маршрутканын автобустун ичинде жабышып кетип атат кандай болот. Же вирус болбойбу ал жерде
+4
Dalil
2021-08-10 09:49:55
Aibaaaa, ал жерде вирус тумчугуп олуп калат
+2
Muratmipa
2021-08-10 10:05:15
Aibaaaa,ал жардеги жыттан терден вирус озу качат а меччитте элдин баары таза ошого вирус жабышат
+1
talas0707
2021-08-10 09:14:05
Динди эле баса калат. Кафе ресторанга баргылачы эл толтура
+2
zhaynak
2021-08-10 09:17:20
Базарларга, кафелерге, автобстарга боло берет. Булар учун эн оной текшеруу мечит медреселер.
+2
jalgyzymsyn
2021-08-10 09:18:03
Бизде ушундай мечитке эле ачыла беришет. Супер макет тойканалар туратго
+3
Real98
2021-08-10 09:34:35
Кечээги аянтта 1000 адамга да айып акча салгыла анда! Эреже сакталбаган,бири бирине жабышкан,маска жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан