28-30-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартиби бекитилди. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, банктарга сунуштамалар берилип, министрликке тапшырма коюлду.
Кабыл алынган чечимге ылайык, Баткен облусунун тургундары жана ишкердик субъекттери 2021-жылдын 28-апрелине чейин "Айыл Банк" жана "РСК Банктарынан" алган зайымдык каражаттарын белгиленген тартипте эсептен чыгаруу жана кайра түзүмдөштүрүү сунушталды.
Экономика жана финансы министрлигине Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен 76 ишкерге 15 миллион 200 миң сом суммасында бюджеттик насыяны төмөнкүдөй шарттарда берүү тапшырылды:
- кредиттин суммасы – 200 миң сомдон;
- пайыздык чен - жылына 0,1 пайыз;
- кредитти төлөө мөөнөтү – 3 жыл, квартал сайын бирдей төлөмдөр менен;
- күрөөсүз негизде;
- финансылык санкциялар – жылына 0,2 пайыз, алар кечиктирилген карыздын суммасына эсептелет;
- карыздын негизги суммасын төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил – 1 жыл.
Ошондой эле Экономика жана финансы министрлиги тарабынан жабыр тарткан ишкерлерге зыяндардын ордун толтуруу боюнча бир жолку компенсацияны 14 миллион 505 миң сом суммасында тартипке ылайык төлөп берүү камсыз кылынат.