Биз социалдык тармакта

Сүрөткө маани бергенде: "Кол чатыр карматкан кезден кабар жок". Сарыбашовдун сүрөтү көңүл бурдурууда

Бир кезде кол чатырын артындагы кишиге карматып сынга кабылган Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашовдун дагы бир сүрөтү талкуу жаратты.

Анын тырмоо кармап иштеп жаткан сүрөтү социалдык тармактарда талкууланды. 7-августта Таалайбек Сарыбашов жалпы шаардык ишембиликке катышкан.

Ош шаарында 2016-жылы июнь айларында өткөн эл аралык "Этномаданият" фестивалында жамгыр жаап жаткан учурда кол чатырын артындагы кишиге карматып отурган чиновниктердин сүрөтү социалдык түйүндөргө жарыяланган. Анда Сарыбашовдун дагы сүрөтү жарыяланып, коомчулуктун сынына кабылган. Социалдык түйүндөрдө чиновниктерди шылдыңдоо максатында кол чатыр кармаган флешмоб дагы жайылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Suzak12
2021-08-10 13:59:58
Жакшы адамдын аркасын чукулабай жакшы иштетип албайсынарбы жакпаса Жалалабатка жоноткуло.Адашпаган адам болбойт ушул чыгарып жаткан адам как будто озу актай болгонсуп озундун арканы да кара булга караганда сеники кобураак просто эл билбейт Аллахтан корк.
+17
futboler
2021-08-10 14:26:35
Ичиң күйсө туз жала)))
+12
SHaidulda
2021-08-10 14:35:36
Мумкун ал ОЗУ карматбаса деле кот жалагычтар кармап тургандыр
+17
Alia82
2021-08-10 15:03:39
Онолуптур деп суйунгуло да кайра
+9
al-abu-kinesz
2021-08-11 00:42:30
Адамга эч нерсе жакпайт да озучу. Тескерисинче болсо дагы соз кылмаксынар
+4
Asmat84
2021-08-11 10:40:21
Эч эле көрө албай койдуңар да Ушинтип отурсанар кайсы адам чын дилинен иштесин. Силер элге туура маалымат жеткирип кайра жакшы ийгиликтерин жазьайсыңарбы кичине пейилиңерди оңдогулачы убагында ичип кетти жеп кетти деп Алиге окшогон саткындардын тилине кирип Раим Матраимовду жамандап каматтынар эле. Эмии билип атасыңарбы раимдин кадырын. Мына болуп жаткан кымбатчылык ошол раимдин иштен кеткенине байланыштуу болуп атат аны базарда иштегендер жакшы түшүнүп калышты
+1
I.ali
2021-08-11 14:52:57
атайлап карматбаса керек аркада кармап койсом дегенде бери жактагы жамандык андыган журналистер же дагы бири тарта койуп хит болом деп тартып чыгарган да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан