Биз социалдык тармакта

Таңга маал жанын кыюуну көздөгөн кыздын куткарылган учуру видеодо

Ош шаарында милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери 5-кабаттан секирүүгө аракет кылган кызды куткарып калышканы маалымдалган. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн басма сөз кызматынан билдиришти. Көп өтпөй куткаруу учурундагы видео жарыяланды.

Маалыматка караганда, 9-августка караган түнү саат 04:10 чамасында "102" кызматына көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан бир кыз секирүүгө аракет кылып жатат деген билдирүү келип түшкөн.

"Кызматкерлер барган учурда кыз терезенин кырына чыгып, өз жанын кыюуга аракет кылып жаткан. Алар 5-кабатка чыгып, кыздын жашаган үйүнүн эшигин бузуп кирип куткарып калышкан. Окуяны териштирүү үчүн кызды Ош ШИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Азырынча ал кыздын эмне себептен мындай жолго баргандыгы белгисиз", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
SHaidulda
2021-08-10 13:20:59
Жан ширип да Бари бир ошончо секирем деп барып куткаруучулар келип киргичен туруп
-2
Rifle_I
2021-08-10 14:15:07
Дагы эле баягы сүйүү болсо керек таңгөрү
+4
ainura220888
2021-08-10 14:33:14
Эшикти бузуп киргиче тура бербей секирип кетбейт беле жан ширинда. Андан коро психологео же психиатрга бар.
+5
nazira...
2021-08-10 17:20:42
Ошон үчүн айтышат да, "өлсөн мени коркутпай өл" деп. Өлгөн өзүнүн шору дешет го, эмне кыласын өлүп, баары өтөт, кетет сабыр кылып жашай бер. Ата энене эле кыйын, аларды ойло.
+2
boris8907
2021-08-10 19:03:20
Чындап эле олом деген оюу болсо баарибир башка куну олуп алат. Болгону озун олтуром деп башкага зыяны тийбесе . Ал кыздын олумунон адамзат азайып кетпейт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан