Чүйдүн Жайыл районунда Владимир Булатов дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 1974-жылы туулган. Алексеевка айылындагы үйүнөн ушул жылдын март айында чыгып кеткен бойдон дайынсыз.
Өзгөчө белгилери: Бою 180 сантиметр. Чачы күрөң, сакалы жана тиши жок, орто дене түзүлүштө.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрүп-билген болсо төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0312 43-01-27, 0312 43-88-85, 0312 22-15-58, 0313 33-51-84, 0709 15 91 69, 0708 55 52 51.