Биз социалдык тармакта

Ошто жеңил унаа майыптар арабасында отурган жаранды сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен

Ош облусунун Өзгөн районунда жеңил унаа майыптардын арабасында отурган жаранды сүзүп кетти. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-августта саат 11:45 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда жеңил унаа мүмкүнчүлүгү чектелген адамды сүзүп кеткен. Ал майыптар арабасында отурган. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.

Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, издөө иш-чаралары уюштурулган. Көп өтпөй айдоочу кармалып, ал 1974-жылы туулган К.К. аттуу жаран болгон. Ал ДЭУ Матиз унаасы менен жаранды сүзүп, өз үйүнө жашырып койгон.

Учурда териштирүү иштери башталып, унаа айып короосуна токтотулуп, иш тергөөгө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан