Кыйноолордун алдын алуу Улуттук борборунун директору УКМКнын тергөө изоляторунан кабар алды. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.
Маалыматка ылайык, Улуттук борбор алдын ала текшерүү жүргүзүшкөн.
"Иш сапарынын жүрүшүндө ар бир камера кароого алынып, экс-премьер-министр Темир Сариев, ЖАМКнын төрагасынын орун басары Таалайбек Нуралиев жана башка камактагы адамдар менен баарлашуу болду. Кыйноолор же кармоо шарттарына карата кармалгандар тарабынан арыз-даттануулар айтылган жок", - деди басма сөз кызматынан.