Жалал-Абад облусунда дааратканага ташталган ымыркай куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токтогул районундагы турак үйдүн дааратканасына жаңы төрөлгөн ымыркай кызды белгисиз бирөө таштап салган.
Жерине №97 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, ымыркайды алып чыгышып, ИИМ жана "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда ымыркайдын абалы орто.