"Манас" эл аралык аэропортунда убактылуу эмдөө жайы ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлайт.
Мэриянын маалыматына ылайык, эмдөө пункту саат 8:00дөн 16:30га чейин иштейт.
"Эмдөө алууга келген жарандар жанына паспортун алышы зарыл. Маалыматтар базага киргизилет", - деп жазылат маалыматта.
Шаардык мэрия жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырат.