Биз социалдык тармакта

Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алууга кол коюлду

Кыргыз өлкөсү Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат. Тийиштүү келишимге өлкөнүн энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жана Түркмөнстандын энергетика министри (учурда вице-премьер-министр) Чарымырат Пурчеков кол койду.
Энергетика жана өнөр жай министрлигинен маалымдашкандай, президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга жасаган расмий сапарында эки өлкөнүн мамлекет башчылары Кыргыз жергесине электр энергиясын жана жаратылыш газын жеткирүү боюнча алдын ала макулдашышкан.
"Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын август айынан декабрь айына чейин Түркмөнстан Кыргыз Республикасына 501,9 миллион кВт саат электр энергиясын берет. Ушул жылдын 9-августуна карата Түркмөнстандан кол коюлган контракт боюнча 19 миллион 200 миң кВтч электр энергиясы экспорттолду. Муну менен катар Түркмөнстандан Кыргыз өлкөсүнө жаратылыш газын экспорттоо боюнча сүйлөшүү жүрүүдө", - дешти министрликтен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Pankration_MMA
2021-08-11 12:57:53
Эмнеге өзүбүздүкүн арзан сатып, алардыкын кымбат аласыңар?
+4
Pankration_MMA
2021-08-11 13:01:06
Кыргызстан көмүр, энергетика боюнча өзүн өзү камсыздай албайбы?
+4
modem4999
2021-08-11 13:29:50
Сураганды эле жакшы билишет.
+3
Alinur96kg
2021-08-11 16:35:11
modem4999,сураган привычка болуп калган
+1
Shakek
2021-08-11 13:37:55
< Өзүбүздө бар нерсени башка өлкөдөн сатып алуу > апендинин жоруктар
+4
Apyn8793
2021-08-11 14:24:19
Энергетика тармагын тушунбой туруп суйлой бербегилечи. Биринчиден ушинтип свет алып тиги Токтогул ГЕСке запас суу топтошот, кышкыга. Свет сатып алуу качан кана олкого Токтогул ГЕСи сыяктуу чон ГЕСтер курулганда токтойт
0
baisogur
2021-08-11 14:28:27
Apyn8793,электр энергиянын тармагын тушунуп туруп комент жазышса ойуна келгенин оттомой заман азыр
+1
modem4999
2021-08-11 15:10:26
baisogur,озундо болгон нерсени колдоно албай, кошуналардан сатып алган атыптыр деп эле тушундук, акылдуу болбочу
+5
baisogur
2021-08-11 16:05:29
modem4999,ошол жок алып жатпайбы тууган акылдуу болойлуу баарыбыз
-3
bond
2021-08-11 17:44:34
Apyn8793,август айында Токтогулдан агып чыккан суу көп болуп жатпайбы каякта суу топтойт эле.
+1
Dembele84
2021-08-11 16:16:47
Мурдуна бок суйколгон кыргыз элим,ар кимден сураганды токтото албай койдук го.
+2
Nursul
2021-08-11 21:47:49
Электр энергиясын экспорттоо бир колдон экинчи колго баштык менен бергендей эле болуп калды. Менин түшүнбөгөнум Түркмөнстандан Кыргызстанга прям түз келген электр линиясы барбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан