Биз социалдык тармакта

Куршаб айылында 66 жаштагы Пашакан Жакыпова дайынсыз болуп изделүүдө

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынын 1955-жылы туулган тургуну Пашакан Жакыпова изделүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал 2021-жылдын 28-июнь күнү саат болжол менен 10:00 чамаларында жашап жаткан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Белгилери: бою 150-155 сантиметр, ак жумал, дене түзүлүшү арык, кашы-көзү кара, чачы узун кара түстө.

Кийимдери: башында ак түстөгү жоолук, кызыл гүлдүү көйнөк, бутунда кара түстөгү бут кийим.

Пашакан Жакыпованы көргөндөр же кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 03233 5-06-36, 0555 20 77 76, 0504 44 55 41.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан