Биз социалдык тармакта

"Акыйкат издеп Ак Үйгө келдим". 3 жаштагы кызы менен такси айдап иштеген жаран жубайынын өлүмү тууралуу айтып берди

Нурилло Мухаммеджанов такси кызматында иштейт, 3 жаштагы кызын калтырганга эч ким жок болгондуктан аны жанына кошо алып жүрөт. Ал жубайынан 1 ай мурун айрылган, анда жубайы үчүнчү баласын кесарево жолу менен жарык дүйнөгө алып келген соң, ооруканада көз жумган. Анын өлүмүнө дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болгон деген каарманыбыз бүгүн, 11-августта акыйкат издеп Ак Үйгө келген.

Мухаммеджанов такси кызматында иштөө үчүн ижарага унаа алган, анын акысы күнүнө 700 сомду түзөт. Ал Ош шаарынан үй-бүлөсү менен 2014-жылы Бишкекке көчүп келген. Жубайынын көзү өткөндөн кийин кызын караганга эч ким жок, аны бала бакчага бере албай айласы алты кеткен. Буга сансыз документтерди топтоо жана электрондук кезек себеп болгонун айтат.

Ал эми SUPER.KG порталы окуянын чоо-жайын тактоо максатында Бишкек шаардык мэрияга кайрылганда, аталган жарандын кызы бала бакчага барып баштарын билдиришти.

"Аталган жарандын кызы 18-болуп кезекке турду, жакынкы күндөрү бала бакчага барып баштайт", - деп билдиришти мекемеден.

Нурилло Мухаммеджановго жардам берүүнү каалагандар төмөнкү реквизит аркылуу колдоо көрсөтсө болот: ЭЛСОМ: 0551100682.
Каарманыбыздын жубайынын өлүмүнүн чоо-жайы тууралуу толугу менен биздин порталдан көрүңүз.
3 жашар кызы менен такси кызматында иштеген жаран акыйкат издеп Ак Үйгө келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Paprikafm
2021-08-11 21:49:22
Видеосун коруп алып ыйладым, бардык аталар балдарга ушундай куйумдуу болсо балдарыбыз жетим уйундо кор болмок эмес,
Врачтар силерге мин наалат баланы энеден энени баладан ажыраткан,акча деп эле он колунарды оозунарга салбасанар дейт элем, кире бериште коррупцияга жол жок деп любой жерде тел номерлери жазылып туратго, бер десе эле бере бербей озубуз жол бербешибиз керек коррупцияга.
+2
Antiradikal3
2021-08-11 22:13:39
Paprikafm, бербесен жакшы карабайт да. Олуп тирилип жатсан кайдыгер карап отуп кетишет. Акча берсен же таанышын кучтуу болсо уймолоктошуп карайт.

Мына ошол коррупцияны бапестеп отурган бийлик куноолуу эмеспи?! Сот болсо сот врачтардын тарабын алат, б.а. ким акча берсе ошону туура дейт. Ушунун баарына бийлик куноолуу. Балык башынан сасыйт.......
+1
Leonardo_
2021-08-11 23:08:27
Antiradikal3,ошон учун Адамга эмес Аллахка ишен Сен деле кафур экенсин Бактулулук динде жатат д чон атан жазып койгон ангеме эмес Аллах айтат динде журбосон кор болуп олосун
0
Antiradikal5
2021-08-12 00:39:58
Leonardo_, ары ойночу радикал... Сага окшогондор илим алса жаман болмок эмес. Динде да илим ал деп айтылат. Эч болбосо диний билим алчы, карангы болбой... Чубак ажыга окшоп диний билимин мол болсун, ошондо акыл айт башкаларга, озуно акыл топтоп алып оболу.......
-1
Kuyun
2021-08-12 01:34:23
Paprikafm, наалат айтуудан мурда врачтын күнөөсү аныкпы чын төгүнүнө жетип алганыңыз туура болот го менимче күнөөгө батпастан
-3
Bak.taalai
2021-08-11 22:17:04
Бийлик жыргатпай калд элди
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан