Ош шаарында жылуулук берүү сезону башталды. Тиешелүү токтомго шаар башчы Мелис Мырзакматов кол койгонун мэриядан кабарлашты. Маалыматка таянсак, шаарда жылуулук түйүнүнө туташкан 3000 абонент бар. Жылуулук оорукана, мектеп жана бала бакчаларга берилип баштады, 3 күндүн ичинде жылуулук толук жеткирилет.