Биз социалдык тармакта

"Бөтөлкө менен башка чапкан". Орусияда 45 жаштагы жаран Кыргыз кызына кол салды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кылмышкер кыргыз кызга кол салып, бөтөлкө менен башка чапкан. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин мааалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 8-августта Санкт-Петербург шаарында азык-түлүк дүкөнүндө эсепчи болуп иштеген 28 жаштагы Кыргыз кызына кол салуу болгон. Анда белгисиз адам кассадагы акчаны алып кетүү максатында эсепчи кызды айнек бөтөлкө менен бир нече жолу башка чапкан. Жабырлануучу көк ала болуп, башынан жаракат алган, бирок бөтөлкө сынган эмес.

"Окуяга күбө болгондор тарабынан кайрылуу келип түшөрү менен Калинин районунун полициясынын 3-бөлүмүнүн кызматкерлери дароо эле кылмышкерди таап, кармашкан. Ал мурда бир нече жолу соттолгон 45 жаштагы М.В. аттуу жаран болуп чыккан. Учурда күнөөлүү киши кармалып, Калинин районунун укук коргоо органдары тарабынан ага карата кылмыш иши козголуп, бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти элчиликтен.

Ошондой эле бул маселе элчиликтин Санкт–Петербург шаарындагы Канцеляриясынын көзөмөлүндө турарын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
raikakyz
2021-08-11 16:36:14
Манастан Чубак кем бекен дегендей эле болуптур да.
+8
adilbars
2021-08-11 16:40:40
Калькулятору жок бекен? Жириновский эмне унчукпайт буга? Элчиликчи биздин? Шалтуруктар, мамлекеттин кызыкчылыгын, улуттун кызыкчылыктарын коргой албаган, өз алдынча чечим кабыл ала албагандан кийин балээңерге бийликтерде жүрөсүңөрбү? Же муну да президентке шылташыбыз керекпи? Мамлекеттик катчы кана, акыйкатчы кана, элчилик кана, укук коргоочулар кана, органдар каякты карайт?
+26
Aimani
2021-08-11 17:16:39
Кармалып,кылмыш иши козголуп,тергоо журуп жатат дейт.бизде эскертуу берип кое беришти.жаман улут жок,жаман адамдар бар.
+5
men
2021-08-11 17:25:04
Aimani,биздин орус кыз башынан жаракат алып кок ала болбоду го. Кылмыштын оордугуна карата жаза берилбейби?
+11
Antiradikal3
2021-08-11 21:29:29
Aimani, акмак экенсин. Соз жок. Кеп кылмыш иши козголобу жокпу анда эмес. Орус жараны Россияда кыргыз жаранын чаап жатат. Биздин бийлик оозун ачып отурат.

Ал эми Кыргызстанда 2 кыргыз жараны уруша кетсе Россия мурдун тыгып, коркутуп, ошол 2 жарандын бирин жазалап жатат. Ким укук берди? Кайсы укугуна таянып жатат Россия? Кайсы арына аоалашат башка олконун саясатына?!

Дагы тушунбой балдырайсынар. Бизде кылмыш козголобу жокпу аны биздин бийлик чечиш керек. Россия шук оту
+8
suban78
2021-08-11 18:09:51
Биздин зоокурдун зыяны биздин кыргыз кызга тийип жатат даа...
+8
Antiradikal3
2021-08-11 21:30:17
suban78, доорубочу!!! Россиядагы кылмышкер Кыргызстандын жанылыктарын андып отупуптурбу?
0
Nina.alex
2021-08-11 18:34:46
Россия да шыр кармайт. Калп эле ызы чуу боло бербегиле
+1
Dembele84
2021-08-11 19:16:57
Биздикилер кандай реакция кылаар экен эми?Же дагы унчукпай оозуна талкан салып отуруп бербеи?
+11
Sajakat14
2021-08-12 02:52:11
Байкуш кыз!Башынан сотресение алдыда эми! Өмүр бою башы ооруп калбаса болду! Магазиндерге кошо карашкан кишилери иштешчи эмес беле скюрити деп.Андайы жок магазин бекен.
+2
SHahabidin-jabborov
2021-08-12 04:20:59
Жириновскийди Yйуну алдыга барайлы
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан