Дан эгинин импорттоо жана ун жеткирүүлөр 1 жылга кошумча нарк салыгынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов тарабынан кол коюлган токтомго ылайык дан эгинин импорттоо жана ун жеткирүүлөр 1 жылга кошумча нарк салыгынан бошотулду.
2021-жылдын 1-августунан тартып 2022-жылдын 1-августуна чейинки мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгынын ставкасы нөл пайыз өлчөмүндө белгиленди:
Бул унга болгон базар баасын турукташтыруу, ошондой эле айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрдүн эффективдүү иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында ишке ашырылды.
Бул демилге ички азык-түлүк рыногунда терс кесепеттерди болтурбоого багытталган жана ата мекендик чарбалык субъекттер тарабынан унду кайра иштетүү үчүн данды ташып кирүүнүн түрдүүлүгүн жана көлөмүн жогорулатат жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылат.
Бул чечим 2021-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.