Биз социалдык тармакта

Москвада Кыргыз жараны ымыркайды таап алганын айтып, укук коргоочуларга кайрылган. Наристе небереси болуп чыкты

Орусиянын Москва шаарында Кыргыз жараны укук коргоочуларга кайрылып, аялдамадан наристе таап алганын айткан. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ымыркай анын небереси болуп чыкканын орусиялык Телеграм каналда жазылат.

Маалыматта айтылгандай, Москвада жашап, иштеп жүргөн Кыргыз жараны 11-августта укук коргоочуларга кайрылган.

"Ал шосселердин бириндеги аялдамадан ымыркайды таап алганын билдирген. Полиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп, камераларда жазылган видеолорду көрүп чыгышкан. Ага ылайык, кайрылган жаран наристени өзү жашаган үйдөн алып чыкканы аныкталган.

Белгилүү болгондой, мигранттын 20 жаштагы кызын ушул жылдын жаз мезгилинде жигити ала качып кеткен. Кызы менен күйөө баласы 4-августта наристелүү болушкан. Бирок ымыркайдын атасы дайынсыз болуп кеткен. Мындан улам кызы ата-энесинин үйүнө келген. Кызынын абийири үчүн кабатыр болгон ата небересинен кутулууну чечкен", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул факты боюнча аталган аймактык прокуратура текшерүүлөрдү жүргүзүп, окуянын бардык жагдайларын тактоодо. Ал эми ымыркай медициналык жайлардын биринде дарыгерлердин көзөмөлүнө алынгандыгы белгилинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
al-abu-kinesz
2021-08-12 10:37:26
Байкуш бабушка, таштанды небереси чарчап калбасын деп жолго таштаары менен таап алдык деп кабар бериптир да..
-4
Antiradikal4
2021-08-12 11:05:02
al-abu-kinesz, андан эмес. Элге-журтка эмне деп тушундурот элек деп, небересин таштоону чечкнн, б.а. балдар уйуно откоруп бергиси келген...

Кызы уйлонбой эле боозуп калса керек да. Уйлонгону чын болсо куйоо баланын тууган уругу болот дегендей. Уйлонгону анык болсо уялып бул кадамга барышмак эмес.......
+3
Tursunbaev1978
2021-08-12 11:08:35
Antiradikal4,кызы эрге тийбей бозуп калган,үйлөнбөй эмес))))
+2
Antiradikal4
2021-08-12 11:17:53
Tursunbaev1978, ошону айтсан. Турмушка чыкпай эле деп жазылбай башкача жазылып калганын карачы .....
+2
bond02
2021-08-12 11:35:44
Дагы бир жолу кыргыз уят болду. Улуттун ар намысын булгаган кыргыз жарандарына кыргыз бийлиги бир мыйзам ойлоп табыш керек болуп калды.
+4
Beka1986
2021-08-12 11:44:32
Наристеге жалко...ата-эне мээримин көрбөй чоңойот байкуш.Жазасын катуу берсе экен энеси менен кызынын.
+6
Omyke
2021-08-12 20:03:47
Шерменде Уят сбар берсин эми Ата энесине
+2
Gold81
2021-08-12 21:01:00
Качан болсо Россияда кыргыздар уят жагынан алдыла баратабыз окунучтуу. Орусту туурайбыз деп андан ашып отуп кетип жатабыз азаматсынар!!!
+1
KaGaH
2021-08-12 21:08:33
Gold81,Орусиядагы баардык кыргыздар андай эмес,сен баарынын атынан сүйлөбө,бул жерде ата сөрөйдүн күнөөсү чоң,к****у туруп кыз менен ишти кылгандан кийин боюнда болуп калса, өзүнүн поступкасына жооп бериш керек аягына чейин качып кетпей, өзүнүн башына түшөт кийин анын кызын бирөө ушинтип боюнда кылып таштап кеткенде түшүнөт ал чмо,ал эми кыздын атасын туура түшүнсө болот,уят болот эл алдында деп ушундай чечимге келди да ал байкуш,эми небересин багып алсын өзү алып
+3
Nina.alex
2021-08-12 22:21:07
Сынтакпагыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан