Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарына 10 күн мурун мэр болуп келген Таалайбек Сарыбашов кызматтан кетти

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Таалайбек Сарыбашов кызматтан өз каалоосу менен кетти. Бул тууралуу анын кеңешчиси Азамат Абсаттаров билдирди.

"Сарыбашов келе жаткан шайлоого дагы катышпайт. Арызды өз каалоосу менен жазды. Азыр саат 14:00дө жаңы мэр келип жамаатка тааныштырылышы мүмкүн", - деди Абсаттаров.

Таалайбек Сарыбашовго 2-августта жарлык чыккан. Анын ордуна Алмаз Мамбетов Ош шаарына мэр болуп барган.

Сарыбашов Бишкек шаарына кызматка келери менен алгачкы жумуш күнүн шаарга ишембилик өткөрүү менен баштаган. Анда ал шаардык көчөлөрүн кыдырып чыгып, шаар тургундарын ишембиликке чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Asmat84
2021-08-12 13:27:21
Ниети бузук трайбалистер акыры ниетинерге жеттиңерби жанагы сартпайдын сасыгы баш болуп. Эми котунор каалаган адамынарды шайлап алгыла. Эл үчүн жер үчүн жакшы ниет менен иштеп берем деген адамды кудулап атып кетирдинер.
Башты көтөр Таке! Биз сени мененбиз
+15
Tursunbaev1978
2021-08-12 13:36:11
Аким,мер,айыл өкмөттөрдү шайлабай,дайындаш керек,ошондо тартип болот
+2
Federik
2021-08-12 13:42:23
Бул жерде чон саясат бар,Оштон Бишкеке алып барып ,андан ары жок кылмай планы иштеди.
+12
Jaraisyn
2021-08-13 21:24:21
Federik, туура айтасың, кыргызда илгертен эле элге жагымдуу иш кылган азаматтар ушундай тагдырга туш болгон. Ушул кишини да көрө алышпады, кызганышты. Бул жерде мен бир нерсени ойлоп калдым, борбордогу эле мериянын айланасында жүргөн семиздер бут тосуп же кысым көрсөттү.
0
Alishdaman
2021-08-12 14:07:34
### биздин чоңдор качан иш кылышат экен же шахмат ойноп жүрө береби. Таалайды Оштон Бишкекке алып келди эми мындай болуп кетти бул жагынан табышмак жандырмагын издеш керек
+7
fak
2021-08-12 14:17:32
Оштун мэринен алганда эле негедир бир мандем бар деп билгем ушуну Бишкеке алып барып андан нары жок кылбайт бекен деп.Нуржигит Кадырбековду да министр кылып кайра сразу алды,эл учун иштей турган инсандарды жок кылып жатат!!!!!!!!!!
+10
Asmat84
2021-08-12 15:28:02
fak, түштүктөн эч ким бийлике келбеш керек окшойт... Баары бир иштетишпейт экен. Канча деген залкар инсандар бар эле. Жадагалса Нуржигит Кадырбековду да кетиришти. Максат ажы Токтомушевди да кетиришти
+7
fak
2021-08-12 14:19:46
Оздору иштебейт иштегенди коро албайт!!!!!!
+10
JaneEr
2021-08-12 14:21:21
Бекер Оштон жылды,Бишкекте саясаты сасык Оштон
+13
baisogur
2021-08-12 14:32:47
Ото туура эмес иш болду
+10
Milduri
2021-08-12 14:45:59
Бул атайын эле бийликтин Сарыбашовду кетирүү планы эле, кантип кетиришти билбей акыры алдап Бишкеке мэр болосуң деп алып келип 10 күн ичинде айтчусун айтып жеткирип койгонго акыры чыдабай өз каалоосу менен кетип калды. Өкүнүчтүүсү бул дагы Нуржигит Кадырбековго окшоп саясий репрессияга кабылгандардан болуп калды.
+6
al-abu-kinesz
2021-08-12 15:31:39
Трайбалдар з..бал кылбагылачы жанды кашайтып, Оштуктар сабыр кылып эле ушул убакытка чейин эч нерсе дебейт.
+6
Gen_fanat
2021-08-12 16:19:46
Ыдырыс Исаковтун [moderated] каналындагы видеонун таасириби...?
+3
Kuyun
2021-08-13 09:59:25
Таалай байке сизге Бир Бишкекти тазалатып алалы деп максат коюшуптур да макул эми
0
Jaraisyn
2021-08-13 21:31:05
Кана Бишкектик азаматтар?! Аянтка чыккыла ушул кишини мэр кылып бер деп, чыккыла эгер улутчул болбосоңор. Түштүктөн барды бул азамат. Иштетип калгыла, борборду өнүктүрүүгө салымыңар болот ошол. Чыныгы иштей турган киши. Силердин ушул саясатыңар Оштун да кунун учурбаса экен. Тажиктер менен байкуш Баткендиктер согушуп жатса эл жерим деп, борбордо митинг кылып бийлик талашып аттыңар. Чынында өлкөнүн эртеңи кызыктырбайт экен силерди. Автобустарды даярдап чыккыла баткенге дегенде .... койдуңар.
-1
Jaraisyn
2021-08-13 21:34:18
Баткенге барабыз деген сасык ураан менен максатыңарды ишке ашырабыз дедиңер да. Чынында чекарага келе албайсыңар жок, келе албайсыңар. Өтө патриот болсоңор уюшуп Сарыбашевди мэр кылып отургузуп койгула. Айткым келген нерсе болгону өлкөбүздөгү ушундай кадрлар айып болбосун, жок болуп кетпесин. Ош менен Бишкекти салыштыргыла, жада калса борбор калаабыз.
0
Jaraisyn
2021-08-13 21:35:31
Оштуктар талап кылгыла мэрди ордуна кой деп эл чечет баарын. Анткени келечекте Ош мындан да гүлдөмөк.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан