Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам келтирилген зыян 1,3 миллиард сомду түздү

Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдардан улам келтирилген зыяндын жалпы көлөмү 1 миллиард 305 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин алдындагы аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Эрмек Бахавидинов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда Баткен облусундагы чек ара чырында жабыркаган турак жайларды, ар кандай социалдык мекемелерди калыбына келтирүү иштери толугу менен жүргүзүлүүдө.

"Келтирилген зыяндын жалпы көлөмү 1 миллиард 305 миллион сомду түздү. Чек ара жаңжалында бардыгы болуп 140 турак жай, 8 социалдык объект жана 76 ишкердик кылуучу жай өрттөнгөн. Бардык турак үйлөр калыбына келтирилет, ишкерлерге материалдык колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле эч кандай пайызсыз жана күрөөсүз насыялар берилет", - деп билдирди Эрмек Бахавидинов.

Мындан тышкары мамлекет тарабынан аталган облустагы стратегиялык жолдорду да калыбына келтирүү иштери белгиленген. Учурда Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай, Ак-Сай-Рават, Самаркандек-Мадыген-Маргун унаа жолдорунда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады директордун орун басары.

Ошондой эле Максат-Жаңы-Жер аймагында жолдорду асфальттоо иштери аяктап калганын баса белгиледи.

Эске салсак, ушул жылдын 28-апрелинде Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжал чыгып, куралдуу кагылышка алып келген. Чек ара чырында Кыргыз өлкөсүнөн 36 адам каза таап, 200гө жакыны жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2021-08-12 14:14:09
Миллярды дагы жешет
+1
Antiradikal4
2021-08-12 14:56:09
Ташиев менен Жапаров оз чонтогунон толосун. Ошолор куноолуу баарына!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан