Биз социалдык тармакта

"Эл багар, журт багарлар, келгиле ойлонбойлубу?!". Балбак Түлөбаев мэрлердин алмашуусу боюнча билдирүү таратты

Мурдагы Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаев Фейсбук баракчасы аркылуу акыркы окуялар боюнча жеке пикирин айтып чыкты.

"Акыркы убактагы өзгөрүүлөрдөн кийин, тактап айтканда, мэрлердин алмашуусу боюнча жеке пикиримди билдирип коюуну туура көрдүм.

Акыркы мэр эмне себептен алмашканын билбейм, бирок чоң-чоң себептерден болушу мүмкүн. Болбосо майда себептерден алмашпайт. Мен ротация болуп жатканын абдан колдойм. Ошол эле акимдердин алмашуусу дагы туура. Таалайбек Сарыбашовдун Бишкекке келгенин абдан колдогом.

Биздин бала, ошондуктан ушул болот деген замандан өттүк. Эми андай болбошу керек. Мен иштейм деп эле келе бербеши керек да. Мындай эки жакты караш керек дегендей. Же айткан сөздөргө турбайт убакыт келгенде куйрукту түйүп качышат.

Мен ушул мэр болуп иштейт элем дегендерге таң калам. Бул жерде жумуш оңой эмес. Түндөп уктабай иштеш керек. Эл менен колдон келишинче бирге болуш керек. Жейм дегендерди Камчыбек Ташиев аңдып отурат. Элдин акчасы деген оңой эмес да. Бул жерден Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевге жооп бересиң, тигил дүйнөдөн Кудайдын алдында жооп бересиң.

Эл багар, журт багарлар, келгиле ойлонбойлубу? Бир күндө эле Бишкекте эмне деген иштер калып калды. Келгиле ойлонбойлубу?

Айрым популист депутаттар үчүн 4 мыйзам артка кайтарылды. Ал үчүн Кербен шаарында 4 жолу мэр шайланган жок. Бул эмне дегендик. Анан кантип өнүгүү, өсүү болот", - деген Түлөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Milduri
2021-08-12 14:59:01
Бул атайын эле бийликтин Сарыбашовду кетирүү планы эле, кантип кетиришти билбей акыры алдап Бишкеке мэр болосуң деп алып келип 10 күн ичинде айтчусун айтып жеткирип койгонго акыры чыдабай өз каалоосу менен кетип калды.
+14
Boru-89
2021-08-12 15:46:11
Milduri,эн туура айтынар,менин оюмда да ушундай болчу
+11
Dembele84
2021-08-12 15:43:30
Дагы бир бокмурунду алып келесинер иттер!
+12
al-abu-kinesz
2021-08-12 15:58:24
Местныйдын туугандары тааныштары коп эми бул жагы своя рукава ближе к телу болот да.
+12
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан