Биз социалдык тармакта

Чолпон-Атада өткүн өтөт. Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 13-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +29…+34;

Талас жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +26…+31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +29…+31 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында да түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +23…+25 градуска чейин жогорулайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан