Биз социалдык тармакта

Сентябрь айында 20га чукул мектеп пайдаланууга берилет

Жаңы окуу жылында 19 мектеп жана мектептердин кошумча имараттары пайдаланууга берилет. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин турак жай - жарандык курулуш департаментинин башкы инженери Жумабай Мандеев билдирген.

Маалыматка ылайык, 19 мектеп, 10 бала бакча жана үч социалдык мекеме колдонууга берилет. Колдонууга бериле турган 19 мектептин ичинде Баткен облусундагы чек ара окуясында жабыркаган мектептер бар.

Белгилей кетсек, быйыл билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан