Биз социалдык тармакта

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Токтогулдагы мамлекеттик нотариустун кызматкерине эскертүү берилди

Буга чейин SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Токтогул шаарынын тургуну кайрылып, мамлекеттик нотариустун ишине нааразы болуп, үч күн отуруп иши бүтпөй кайра үйүнө кеткенин айткан.

Токтогул мамлекеттик администрациясына байланышып, жогорудагы маселе боюнча сурап көрдүк. Анда аталган мекемеден төмөнкүдөй жооп беришти.

"Токтогул районундагы мамлекеттик нотариус Бергеналы Долдоевге райондук мамлекеттик администрация тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Нотариустун кызматкери Сажира Базарбаевага жарандар менен иш алып барууда кызматтык этиканы жана маданияттуулукту сактап иш алып баруу жагы эскертилди", - деп билдиришти администрациядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nina.alex
2021-08-12 17:51:51
Кубалаш керек. Эскертуу эле берип койбой
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан