Биз социалдык тармакта

ЕАЭБге кирген өлкөлөр арасында баанын өсүшү боюнча эң жогорку көрсөткүч Кыргыз өлкөсүндө катталды

Кыргыз өлкөсүндө 2021-жылдын июль айында 2020-жылдын декабрь айына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда баалардын өсүшүнүн 7,3 пайыздык жогорку чеги катталды. Бул өсүш Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөр арасындагы эң жогорку көрсөткүч. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүндө азык-түлүк товарларына карата (алкоголдук ичимдиктер менен тамекини кошкондо) баанын өсүшү 10,5 пайызды түзгөн. Ал эми бул көрсөткүч өткөн жылдын июнь айына карата 3,5 пайызды түзөт.

Ал эми бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн 7,3 пайыз, азык-түлүк эмес товарлар үчүн 4,1 пайыз, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн 1,2 пайыздык баанын өсүшү (инфляция) катталган.

Аталган биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн ичинен эң төмөнкү көрсөткүч Арменияга таандык. Бул өлкөдө баанын өсүү көрсөткүчү 3,8 пайызды гана көрсөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Apyn8793
2021-08-12 23:35:46
Эмнеге?
+1
BakytbekAbdubakhapov
2021-08-13 00:58:06
Эки достун колунан келгени ушул болуп жатпайбы.Дакансалар аларды колдой бергиле
+5
Antiradikal5
2021-08-13 07:03:39
Бул Улуттук статистика комитети кыпкызыл калпычы. Бош отуруп жалган маалымат тараткан коз боемочулар...

Кайдагы 7-8%? Бензинди эле алалы, декабардан июлга чейин бензиндин баасы кеминде 50-70% осту. Же эмне калппы? Темир-тезектин баасы кеминде 50% жогорулады. Жашылча жемиш кеминде 15-20% осту. Инфляция 2020-жылы 50-60% болду мисалы. Булар 10%ке жетпеген инфляция болду деп ордокторун учуруп жатат. 2021-жылы жыл башынан бери эле инфляция кайра 30-50%ке чыкты.
+4
Antiradikal5
2021-08-13 07:05:37
Ал эми пенсия-пособие, айлык-маяналар илгерки бойдон. Кайдагы кплпты айтышат? Бийлик журналисттерди коркуткуча эмнеге айлык алып калп маалымат тараткан улуттук статистика комитетине чара корбойт ыя?! Булар калп айтуу учун айлык алып отурабы элдин эсебинен жан багып?!
+4
Antiradikal5
2021-08-13 07:11:21
Мына салыштырчу болсок 2020-жылдын башында 1-сорт ун орточо 1200 сом болчу. Бугун 1800 сом. 50% кымбаттаган. Суу май 80сом болчу. Бугун 180 сом. 125% кымбаттаган. Бензин 30 сом эле. Бугун 57 сом. 90% кымбаттады. Жащылча жемиш болжолдуу 30-50% кымбаттады. Мисалы сабиз 50-80 сом, картошка 33-38 сом. Килограммы 8-10 сомдук дарбыздар быйыл 15-18 сом. Темир-тезектин баасы 2020-жылдын башынан бери кеминде 70-100% осту. Калган курулуш материалдарынын баасы кеминде 50% кымбаттады.
+3
Asmat84
2021-08-13 12:10:57
Ушунун баары таможный союздун кесепети АШАнын кылганы. Башында келишимдерди карап туруп элибизге оорчулук келбегендей кылып кошулуш керек эле. Аша күнөөлүү
0
Antiradikal3
2021-08-13 12:36:14
Asmat84, а бугун бийликте эшек такалап отургандардын кымындай тиешеси жокпу не?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан