Атактуу аргентиналык футболчу Лионель Месси "ПСЖ" футболдук клубунда машыгуусун баштады. Анын машыгуудагы видеосу париждик клубдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Буга чейин белгилүү болгондой, 34 жаштагы аргентиналык футболчу Франция чемпиондугунун 2-турдук оюнундагы "Страсбург" менен 14-августта Парижде боло турган оюнга катышууну машыктыруучулар штабынан суранган.
6-августта "Барселона" клубу Месси клубдан кетерин расмий жарыялаган. 10-августта Лионель Месси париждик "ПСЖ" клубу менен келишим түзгөн.