Биз социалдык тармакта

3 күнгө созулат. Бишкекте Орусиянын маданият күндөрү иш-чарасы салтанаттуу ачылды

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Орусиянын маданият күндөрү салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, иш-чара маданият министри Кайрат Иманалиев жана Орусия Федерациясынын маданият министринин орун басары Ольга Ярилованын катышуусу менен өттү.
"Маданият күндөрүнө Орусия Федерациясынын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, коомдук маданий ишмерлер, өлкөдөгү орус диаспорасы, шаар тургундары жана меймандар күбө болушту", - деп айтылат маалыматта.
Концертте орус элинин бай маданиятын таанытууга багытталган Зарни Ёл, Домино, Йатаган, Колесо жана Чылтыс Таннагашева катышкан фольклордук топтордун аткаруусундагы "Фольклор - Орусиянын жаны" аталышындагы концерт тартууланды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын эриш-аркак жылынын алкагында Орусиянын маданият күндөрү 12-14-август күндөрү өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asmat84
2021-08-13 12:01:34
Кыргызча сүйлөгүлө
+2
Antiradikal3
2021-08-13 12:34:57
Бойкот кылгыла. Барбагыла!!!
0
Djumahmatov
2021-08-13 19:45:30
Потхалимдик кылбагыла Кыргызстан Кыргызча суйлош керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан