Биз социалдык тармакта

"Акыркы коңгуроо июнда". Жаңы окуу жылында кандай өзгөрүүлөр болот? Министрликтен жооп

Бүгүн, 13-август күнү өлкө боюнча жаңы окуу жылынын башталышына арналган маалымат жыйын өтүүдө.

Анда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жаңы окуу жылы 15-сентябрда баштала турганына байланыштуу окуу жүгүртмөсүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.

"Токтомго ылайык төмөнкү өзгөрүүлөр киргизилген:

* биринчи чейрек 15-сентябрда башталып, 5-ноябрда аяктайт.

* Каникул 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин.

* Экинчи чейрек 15-ноябрдан 31-декабрга чейин.

* Кышкы каникул 1-январдан 10-январга чейин болот.

* Үчүнчү чейрек 11-январда башталып, 18-мартта бүтөт.

* 21-марттан 27-мартка чейин каникул.

* Төртүнчү чейрек 28-мартта башталып 8-июнда аяктайт.

Бир аз эле өзгөрүүлөр болду. Окуу жылын жыл сайын 25-майда аяктасак, быйыл 9-июнда акыркы коңгуроо болот. 9-класстар үчүн окууну бүткөндүгү тууралуу күбөлүктөрүн тапшыруу 11-июль болот. Ал эми 11-класстар үчүн 15-июль күнү тапшырылат. 9-11-класстар үчүн мамлекеттик сынактар 10-июндан 1-июлга чейин болот. Бул аралыкта калган класстар эс алууда болушат. Ал эми чет өлкөгө окууга тапшыра турган бүтүрүүчүлөргө бул өзгөрүүлөр кедергисин тийгизбейт. Өз убагында тапшырууга жетише алышат", - деп билдирди Жусупбекова.

Буга чейин быйыл билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталары маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aikaademi
2021-08-13 14:25:41
Анда ВУЗдарга кабыл алууну да жылдырат экенсиңер да. Жөн эле койсоңор болмок
+2
Siren90
2021-08-13 22:59:42
Жыл сайын ушундай болобу ошондо, антпесе 16-июлда отпускага кеткен мугалимдер сентябрдын 20на барып жумушка чыгып калат
+1
Erkinay.s.
2021-08-13 23:49:22
Канткенде да 1-сентябрь билим куну да
+1
Kurbanalieva1991
2021-08-14 13:36:00
Кылбаганы ушул эле калды эле..
0
shahlet
2021-08-15 10:42:59
Уйронуп калган система эле жакшы эле! Балдар дагы кун санап калды эле окууга барабыз деп!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан