Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда жеңил унаа оодарылып кетип 1 киши каза болуп, экөө ооруканага түштү

Жалал-Абад облусунун Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
12-август күнү Чаткал районунун Ак-Таш айылынын Кызыл-Алма тилкесиндеги Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 8-9 чакырымында Фольксваген-Гольф-3 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 1976-жылы туулган бир жүргүнчүсү ошол жерде каза болгон. Айдоочусу жана эки жүргүнчүсү ар кандай жаракат алып Чаткал райондук ооруканасына жеткирилген.
Кырсык болгон жерге Чаткал райондук куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан