Бүгүн, 13-август күнү өлкө боюнча жаңы окуу жылынын башталышына арналган маалымат жыйын өтүүдө.
Билим берүү министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ бөлүмүнүн башчысы Акыйкат Баймуратова окуу жылы 15-сентябрда башталганына карабай мугалимдерге айлык акы өз убагында төлөнөрүн билдирди.
"Окуу жылы 15-сентябрда башталса деле билим берүү мекемелериндеги кызматкерлердин айлык акысы кыскарууга учурабайт. Бюджетте мугалимдердин айлык акысын өз убагында төлөп берүүгө каражат жетиштүү", - деди Баймуратова.