Бүгүн, 13-август күнү өлкө боюнча жаңы окуу жылынын башталышына арналган маалымат жыйын болуп өттү.
Анда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бала бакчалардын иши боюнча суроолорго жооп берди.
"Биздин бала бакчалар ата-энелер иштеши үчүн балдардын социалдашуусу, өнүгүүсү үчүн жыл бою эле иштей берет. Болгону жай мезгилинде ата-энелер менен сүйлөшүп туруп, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп алабыз.
Жабылган бала бакчалар боюнча ар бир жергиликтүү штаб иштеп жатат. Адистер келип текшерип, эпидемиологиялык кырдаалды байкап анан ачып жатышат. Бардыгы эпидемиологиялык кырдаалга байланган", - деп билдирди Жусупбекова.