Биз социалдык тармакта

Коомчулукта кызуу талкуу жараткан. 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендер жокко чыгарылат

Президент Садыр Жапаров райондук администрация башчыларына (акимдерге) 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу президенттик администрациядан маалымдашты.

"Бул чечим өлкөнүн экономикалык оор абалын, ошондой эле аталган маселе боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жана бюджеттин өтө зарыл болбогон чыгымдарын азайтуу үчүн кабыл алынды", - деди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Буга чейин президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Автотранспорт бирикмеси тарабынан 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендер жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2021-08-13 14:19:32
Ушундай чечимдерди ойлонуп кабыл алса болбойбу?Качан элдер которуп чыкмай сайын былтыйып отура бербей.Если эл реакция кылбаса Жапаровко деле баарибир эле,автолор алынып бок курсактар чардайып жаны машинада журушмок!
+2
Antiradikal3
2021-08-13 14:25:35
Эл качан реакция кылып чыкмайынча бийлик акылдуу кадам жасай албай калды.

Эл тополон кылбаганда 2 суу сактагыч Озбекистанга отмок. Аксыда, Баткенде миндеген гектар жерлер Озбекистанга отмок...

Эл тополон кылбаганда олкодо казинолор ачылып, эл 1,5 сомдон светтин акчасын толоп отурмак...

Бийликте "колхоздор" отурса ошол да......
+1
KaGaH
2021-08-13 16:56:07
Antiradikal3 баарыңар эле саясатчы болуп кеттиңер
-4
bond02
2021-08-13 19:01:11
Айта берет кайта берет, азыркы бийликтин бир бекем позициясы жок.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан