Биз социалдык тармакта

Бишкекте өткүн өтөт. 14-августка карата аба ырайы

Эртең, 14-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолордо жаан, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда жаан-чачын жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +22…+27;

Талас жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +20…+25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…3+0;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24;

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +25…+27 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында да өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +18…+20 градуска чейин жогорулайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан