Биз социалдык тармакта

Орусиянын маданият күндөрү Кант шаарында дагы өтөрү күтүлүүдө

Бишкек шаарына Орусия Федерациясынын маданият министринин орун басары Ольга Ярилова баштаган расмий делегация жана чыгармачылык топтун өкүлдөрү келишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, аларды маданият министринин орун басары Салтанат Аманова жана Орусия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кеңешчиси Виктор Харченко тосуп алган.
"Маданият күндөрү Бишкек шаарынан сырткары Кант шаарында өтөрү күтүлүүдө. Жалпы чыгармачыл топ 80ге жакын адамды түзөт.
Алар бай орус маданиятын тааныштыруу менен бирге Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы маданий алакалар тууралуу сүйлөшүүлөрү күтүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын эриш-аркак жылынын алкагында Орусиянын маданият күндөрү 12-14-август күндөрү өтөт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
gulya583
2021-08-14 05:19:33
Тоспой эле койгулачы ушул окелерди, акыркы убакта чегинен ашып баратышат. Алып чыгып кетишсин бут базасын. Кыргыз мамлекетинин ички ишине кийлигишпесин нары
+5
Djumahmatov
2021-08-14 07:16:41
Кыргызстанда Кыргызча суйлош керек потхалимдик кылбагыла
+7
bond02
2021-08-14 08:35:46
Ушундай да пас калк болобузбу ээ, мындай болсо быйыл коз карандысыздыктын 30 жылдыгын белгилебей эле коелу акча кетирип.
+6
Asmat84
2021-08-14 09:29:39
bond02, эң туура айтасың өз алдыбызча эч нерсе чече албагандан кийин кайсы арыбызга эгемен өлкө деп ээнбаштанабыз
+5
suban78
2021-08-14 09:56:49
Ким силердин оюнарды буруп, орусту жаман корсотуп койду эч эле тушуно албай койдум. Оруска чейин чын чынында биз Кокон хандыгынын кол астында болгонбуз. Тигине афгандар эч кимге кошулбай журуп дашгы деле тээ феодалдык коомдо жашап жатат. Орус кеткенден кийин бир адамды хан которуп айланасына чогула албадык. Жамандап койсо эле чогулуп барып "сен жамансын" деп кууп чыгабыз. Ким кепил боло алат бизди афгандаргаиокшоп журбойт элек деп.
Жакшы жагын да корушубуз керек орустун. Кытайда
-1
suban78
2021-08-14 10:00:46
suban78,кыргыздар, Памирдегикыгыздар кандай жашап жатат коргуло. Орус ошол маалда Москвага жаштарыбызды алып барып окутса, килейген заводдорду куруп берсе, ээ айта берсен соз коп. Азыр деле орус багып жатат дээрлик жарым кыргыз элин. Же жалганбы. Канчалаган кыргыздар Россияда байып кетшти.
-1
Antiradikal3
2021-08-14 12:49:37
suban78, эй орускул! Тарыхынды билбеген манкурт! Оруссия Орто Азияны куч менен басып алган. Кыргызстандын туштугун мылтыктын огу, кылычтын мизи менен басып алган кыргыздын канын тогуп. Басып алып элдин мойнуна олчойтуп салык салган. Жакшы жерлерди бут озунун орус кулакиарына карматып кыргызды тоонун башына суруп салган. Коп жерлерибиз кийин озбек, тажиктерге отуп кетти ошонун айынан. Аскерге деп адам алган. Моюн сунбаса жазалоочу аскер жоноткон кырып сал деп.
+1
Antiradikal3
2021-08-14 12:53:12
suban78, Уркунду билбейсин, уркундо канча кыргыз кырылганын билбейсин. Кыргыздын жарымы кырылган. Айрыкча тундук кыргыздары коп кырылган, 60-70%ке чейин. А сен бугун дооруйсун. Завод, фабрика, мектеп, ооруканалар СССР убагында курулган. Бул экоо тартакыр эки башка мамлекет. Бугунку Россия СССРдин эмес, 120-150 жыл илгерки Россия империясынын саясатын улантып жатат. Кыргызды экинчи сорт коруп кемсинтип жатат. Кыргызстанда орун алган окуяга кийлигишип эгемендигибизге доо келтирип жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан