Биз социалдык тармакта

Бишкекте батирлердин биринен 72 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бишкек шаарындагы Гоголь көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батирлеринин биринен 72 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

"Куткаруучулар көп кабаттуу турак үйдөгү батирлердин биринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1949-жылы туулган К.Н. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун сөөгүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп билдиришти ӨКМдан.

Эшикти ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан