Бүгүн, 13-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 927 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти."Бүгүн, 13-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 927 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 486 метр куб, агып чыгышы 434 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Кечээ, 12-августта Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 922 миллион метр куб суу бар болчу.