Биз социалдык тармакта

Ошто жаңы үйлөнгөн жубайлар кортеждин ордуна 50 окуучуга окуу курал алып беришти

Турмуш жолуна жаңы кадам ташташкан Тынчтыкбек менен Бегимай кортеж менен жүрүүнүн ордуна 50 мектеп окуучусуна окуу куралдарын жана керектүү жабдыктарды алып беришти. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Иш-чара Ош облусунун мусулмандарынын казыятында өтүп, ага облус казысы Сайдамир Жейналиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик Турсунбеков, «Ыйман-Бакыт» коомдук фондунун жетекчиси Талант Алмаматов, казыяттын аялдар менен иштөө адиси Жамийла Жапашова жана мектеп окуучулары катышты.

Саамалык алкагында облус казысы эки жаштын бул кадамы ашыкча чыгымдар менен күрөшүү экендигин баса белгилеп, мындай көрүнүш башкаларга дагы үлгү болуусу керектигин билдирди.

"Учурда мамлекетибиз жана дин чөйрө ашыкча чыгымдарга бөгөт коюу боюнча тыгыз иш алып барууда. Бүгүнкү көрүнүш ысырапкерчиликке каршы күрөшүүгө салым болсо, экинчи тараптан илим-билимдин өнүгүүсүнө материалдык жактан көмөктөшүү болуп саналат. Мамлекетибизде дал ушундай жаштар көбөйө берсин", - деди облус казысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Nursul
2021-08-14 10:05:13
50 окуучугабы же 50 мектептин окуучусунабы? Түшүнбөй жатам.
-12
Rifle_I
2021-08-14 13:02:25
Nursul,
Сүйлөмдүн ээси "мектеп окуучу"
+1
KG-312
2021-08-14 14:11:15
Nur-sultan. Кафе, ресторан, кортеждерин чыгарып, тойлорун мактангандарга эмнеге популизм деп сын жазбайсыңар? Булар ошондой ысырапкорлорго үлгү болууда, молодец жаштар экен.
+5
Nursul
2021-08-14 18:19:53
Rifle_I, эми оңдоп коюшуптур туура эмес жазсам кечиресиздер.
+1
nazira...
2021-08-14 10:53:10
50 окуучуга окшойт.
+4
Nur-sultan
2021-08-14 10:58:05
Популизим...
Остаток товарларды жөн эле алып барып берип койгула да. Тойду, динди бетке кармабай
-21
Ergeshev.77
2021-08-14 11:39:37
Nur-sultan,давай сен да популизм жаса 50 эмес 15 остаток товар алып бер акыл эсин жайындабы остаток товар сентябрдын 15 инен кийин болот сен да тап жаса популизм акылдуу болсон
+14
ayzhan12
2021-08-14 13:13:54
Ergeshev.77,
Муфтият калп эле динди пиярлап жатат. Муфтият да хайп жасаганды салт кылып алды. Биз деле мектепке динди пияр кылбай эле, жанылык кылбай эле коптогон парта, стулдарды сатып бергенбиз. Муфтият эки жуздуу болуп калганбы билбейм. Минтип динди пияр кылбай эле мектептерге жардам берип жаткан жарандар миндеп саналат.
-11
Asyl.jazi
2021-08-14 14:59:41
ayzhan12,чачынызды коё берип коюп журо бер
+5
KaGaH
2021-08-14 16:08:15
ayzhan12, Аллахым жүрөгүңүзгө ыйман берсин!
Келечекте чачыңызды жайып жарым жылаңач болбой,
Хиджаб кийгенинизди көргүм келет!)
+5
ayzhan12
2021-08-14 16:50:27
KaGaH,
Эч качан башыма хиджаб, паранджа чумконбойм жана оронбойм. Оронгум да келбейт. Андан коро кыргыздан ар бир аял заты чачынарды жасап, кое берип, сулуулукту барктап жашагыла. Ар бир аял заты корктуу, сулуу болуусу абзел. Хиджаб чумконуп алгандан бактылуу болуп кетпейм.
-6
KaGaH
2021-08-14 17:44:25
ayzhan12,кабыр азабы жаман,бирок өзүңүз билесиз
+4
Ergeshev.77
2021-08-14 18:13:15
ayzhan12,жыналач жур анда
+1
Ergeshev.77
2021-08-14 18:12:40
ayzhan12,сатып берген богон пиар кылбасан мага купуя кат жазбайт белен сен именно сен алып берген эмессин алып берген адам унчукпай коет
+2
KaGaH
2021-08-14 11:13:33
Маша Аллах!силерге окшогон инсандар көбөйсүн!
Эл эмне дейт, коңшумдун ичи күйсүн деген түшүнүктөн алыс бололу
+10
Luna7
2021-08-14 11:25:19
Эн сонун,бактылуу болушсун
+9
nazira...
2021-08-14 12:14:11
Ошо кортеж, мортеж дегениңерди койкулачы балдар. Медресегк же доминтернаттврга жардам берип койсоңор сообу чон болот эле. Билбейм мен баламы кантип үйлөйм, кеткен расхрддорун угуп эле азыртан корком, каяктан.табам анча акчаны. Ыйман берсин да балдарыбызга алла таалам.
+7
Gulina90
2021-08-14 12:40:03
Бактылуу болушсун,жакшы кылышыптыр,ичи тарлык кылбай ушундайлар көбөйсүн дейли.
+7
Antiradikal3
2021-08-14 12:43:56
Жакшы жана сооп иш кылышыптыр. Омурлору узун, бактылуу болушсун. Башкаларга улгу болоорлук иш кылышыптыр, башкалар улгу алышса экен.......
+7
bond0202
2021-08-14 14:19:48
Элди тоноп аткан ресторандарды жабыш керек.ошондо ысырапкерчилик жоголуп ушундай нерселерди кыла башташат
+6
nazira...
2021-08-14 19:39:53
bond0202,мен да ошентип ойлойм. Кудайдан тилегеним эле ошо, балам 23кө жеткенче ресторандар жабылса экен деп. Өлүм болгон жерге деле бөгөт коюшту го, но билбейм күчүнө кирдиби жокпу. Ресторандардын оордун тринажерный зал кылып алышса деле акча түшөт эле.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан