Биз социалдык тармакта

Министр Алымкадыр Бейшеналиев менен элчи Манал Эльсайед Ехия Эльшиннави жолукту

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Египет Араб Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Манал Эльсайед Ехия Эльшиннави айым менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри элчи Манал Эльсайед Ехия Эльшиннави айымды Египет Араб Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү жаңы элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди, өз ара кызыкдар болгон тармактарда кызматташтыкты ийгиликтүү өнүктүрүүнү каалады, ошондой эле Кыргыз-Египет мамилелери эки тараптуу да, көп тараптуу да форматта жаңы сапаттык деңгээлге чыгат деген үмүтүн билдирди.

Ал ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эки өлкөнүн ортосундагы саламаттыкты сактоо, фармацевтика жана социалдык өнүгүү, ошондой эле башка кызыкдар болгон тармактарда эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ведомстволорунун ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салуучу документтин долбоорун иштеп чыгууну кароо боюнча макулдашууга жетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal3
2021-08-14 18:03:28
Уу коргошунга кызыгып атайы сурайын деп келсе керек да..... :)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан