Орусиянын Владивосток шаарында курулушта иштеп жаткан учурда каза болгон К.Ж. аттуу жарандын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-августта иш берүүчү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, натыйжада алар Хабаровск-Москва-Ош каттамында коштоп жүргөн адамдарга 13-августта 4 авиабилет сатып берип, маркумдун эмгек акы картасын тапшырышкан.
"Маркумдун жакындарына жумушта материалдык компенсация жана башка камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө боюнча макулдашуу болду. Элчиликтин Владивосток шаарындагы кеңсеси «Жүк-200дү» Кыргыз Республикасына жөнөтүүгө даярдык көрүү менен байланышкан жол-жоболорду жүргүзүү үчүн Хабаровскдогу жаназа кызматына керектүү документтердин тизмесин даярдап жөнөткөн.
Бүгүнкү күндө элчиликтин Владивостоктогу канцеляриясы маркумдун жакындары жана “Интер-пол” ЖЧКсынын жетекчилиги менен дайыма байланышта экендигин маалымдайбыз. Маркум К.Ж. ушул жылдын 16-июлунда «ИнтерПол» ЖЧК курулуш компаниясына жумушка орношкон", - деп жазылат маалыматта.