"Токио-2020" Олимпиадасында күмүш медалдардын ээлери Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудов учурда эс алып жатышат.
Анда балбандар социалдык тармактарга сүрөттөрүн жүктөгөн.
Кыргыз элинин сыймыгы болгон Айсулуу Тыныбекова: "Кыргыз өлкөсүнүн кооз жаратылышы – эң мыкты антидепрессант! Эс алуу сонун өтүп жатат. Абасы таза, жаратылышы жомоктогудай кооз, таштан-ташка урунуп аккан суунун керемет дабышы, канаттуулардын сайраган үндөрүн уксаң укмуш. Бул жерлерди тааныдыңызбы?", - деп жазган балбан кыз.
Анда Айсулуу Тыныбекованын Ысык-Көлдө, ал эми Акжол Махмудов өлкөдөгү дагы бир керемет жерде эс алып жатканын көрүүгө болот.