Ош облусуна караштуу Алайкуу өрөөнүндө бүгүн, 15-августта кар жаады. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары интернетке сүрөт, видеолорду чыгарышууда.
Ал эми өлкөнүн башка аймактарында дагы жаан жаап жатат.
Кыргызгидромет келе жаткан апта жаанчыл болорун эскертүүдө.