Биз социалдык тармакта

Ошто карама-каршы тилкеге чыга калган милиция айдоочуга кол салып, телефонун тартып алууга аракет кылган

Ош шаарында карама-каршы тилкеге чыга калган милиция кызматкерин айдоочу токтоткон. Анда кызматкер айдоочуга кол салып, телефонун тартып алууга аракет кылган. Бул видео социалдык тармакка тарап, катуу талкууга алынууда.

Ош ШИИБи ички иликтөө кызматы териштирүү баштаганын айтты.

"ИИМдин ички иликтөө кызматы тиешелүү териштирүү иштерин баштады. Андан сырткары башкармалык тарабынан дагы иликтөө иштери жүргүзүлүп, жыйналган материалдар Ош шаардык прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлөт. Анын карама-каршы тилкеде, тыюу салынган эрежеге карабастан унаасы менен жүргөндүгү үчүн айып салынып, протокол түзүлдү.

Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери катталып, "ички иштер органынын кызматкери" деген наамга шек келтире турган жорук-жосундарды жасай турган болсо алар, мындан ары дагы мыйзам чегиндеги тиешелүү жазаларын алышат", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jacob.
2021-08-15 17:14:13
Ошто менттер жолду сатып алгандай журушот..
+1
amirrus
2021-08-15 17:41:55
Токтоосуз кызматтан алыш керек,бул баланын шиши толду эле озу...Жолукканын баарын опузалап конуп калган да ,кызмат ордун карагыла иштен алгыла ички иликтоо
+1
Pankration_MMA
2021-08-15 18:03:47
amirrus,Ким деген аты жөнү?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан