Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков тууралуу даректүү тасма тартыла баштады. Бул тууралуу анын жубайы Ырыс Окенова билдирди.
“Фильм манасчынын өмүрү, чыгармачылыгы, манасчылыгы жөнүндө болот. Кыргыздын баалуулуктарына басым жасап жатабыз”, - деп билдирди ал.
Белгилүү болгондой, тасма Ысык-Көл облусунда тартылып баштады.
Дөөлөт Сыдыков 2020-жылдын ноябрында манасчылык өнөрүн "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизүү максатында тынымсыз 14 саат 27 мүнөт бою Манас айткан.