Биз социалдык тармакта

Президент Садыр Жапаров Ооганстандагы кырдаалга көз салып турат

Президент Садыр Жапаров Ооганстан Ислам Республикасында түзүлгөн кырдаалга тыкыр көз салып турат.

Мамлекет башчысы Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жана Тышкы иштер министрлиги аркылуу саат сайын тиешелүү маалыматтарды алууда.

Президент Садыр Жапаров ишке тартылган тиешелүү мамлекеттик органдарга Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүшүнө ар тараптан мониторинг жүргүзүүнү улантууну тапшырды.

Тышкы иштер министрлигине Ооганстандын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары менен дайыма байланышта болуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүү жана өз мекенине тез арада эвакуациялоо тапшырылды.

Мындан тышкары ишке тартылган тиешелүү мамлекеттик органдарга аймактагы өлкөлөр менен биргеликте региондогу коопсуздукту бекемдөө жана камсыз кылуу боюнча ишти активдештирүү жана бул багыттагы иш-аракеттерди тыгыз координациялоо тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Antiradikal3
2021-08-16 15:23:57
Коз салып сынап тургудай Путин же Байден беле? Ооганистандагы кырдаалга кы ындай таасир эте албагандан кийин коз салаьы жокпу айырмасы канча?!
-5
Jaraisyn
2021-08-16 23:50:07
Antiradikal3,мээң жок экен дөөпарас
+1
salimbek87.kg
2021-08-16 17:20:04
Урматтуу Садыр Жапаров сиз Баткен облусу Лейлек районуга да көз салып туруңуз абал бир аз курч азыркы убакта мен өзүм ошол жайда жашап айтып жатам сизге көңүлдү чек арага буруңуз .
+4
Egizderim-baktim
2021-08-17 01:49:52
Сизди сыйлайм бирок ошол жердеги боордошторубузду алдырып алышынызды суранам урматту Садыр Жапаров
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан