16-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 948 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти."Бүгүн, 16-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 948 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 461 метр куб, агып чыгышы 357 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Ал эми былтыр, 2020-жылы дал ушул күнү 14 миллиард 509 миллион метр куб суу бар болгон.