Орусияда административдик укук бузган делинип кармалган Кыргыз жарандары бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 14-августта консулдук бөлүмгө Нагатинск жана Новослободск метро станцияларынын жанында 23 Кыргыз жараны кармалгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.
"Тиешелүү тараптар менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз жарандарды тарабынан административдик укук бузуулар бар экени аныкталган. Консулдук кызматкерлердин аракети менен тиешелүү процедуралар аткарылып, административдик протоколдор түзүлгөндөн кийин бардык жарандар бошотулду", - дешти элчиликтен.