Биз социалдык тармакта

Бишкектеги жер-жемишти дүң баада саткан "Сары-Өзөн" базары толугу менен мамлекетке кайтарылды

Бишкектин түндүк-батышындагы жер жана мөмө-жемишти дүң баада саткан "Сары-Өзөн" базары толугу менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

"Жогорку Соттун чечими менен "Сары-Өзөн" базары мамлекетке кайтарылды. Базар менен бирге 3 гектар жерди жана башка базар активдерин алдык. Бардык керектүү процедураларды аткаргандан кийин бул базардан орунду ижарага берүүдөн түшкөн төлөм мамлекеттик бюджетке түшөт", - деди Бакиров.

Мындан тышкары, Бакиров бүгүнкү күндө бир кезде мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен объектилер боюнча соттук териштирүүлөр уланып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан