Биз социалдык тармакта

"Футбол ойноп жатып айтыша кетишкен". Москвада 6 Кыргыз жараны кармалып, анын төртөө 15 суткага камалды

Орусиянын аймагында кармалды делинген 30 Кыргыз жараны боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги билдирүү жасады. Мекемеден кабарлашкандай, Москва шаарынын Царицыно районунда кармалган 6 жаран полиция бөлүмүнө жеткирилген.
"Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жаран 500 рубль административдик айып салынгандан кийин бошотулду. Ал эми төрт жаран Орусиянын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 20.1-беренесинин (майда бейбаштык) негизинде 15 суткага административдик камакка алынды.
Белгилүү болгондой, Борбор Азия мамлекеттеринин жаштары футбол ойноп жатып айтыша кетишкен. Ал эми полиция кызматкерлерин жакын жердеги үйдүн тургундары чакырышкан. Элчилик тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүп жатат", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан