Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мындан ары уу коргошун жөнүндө сөз кылбайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталы министрге байланышканыбызда билдирди.
"Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкканга чейин уу коргошун жөнүндө сөз кылууну өзүмө тыюу салууну чечтим. Кыргыз эли уу коргошунга азырынча даяр эмес экен. Биз ал жөнүндө маалыматтарды туура эмес жеткирип алдык окшойт", - деп билдирди Бейшеналиев.
Эске салсак, 16-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп, уу коргошун менен дарылоо боюнча түшүндүрмө берип, аталган өсүмдүктүн кайнатмасын түз эфирде ичкен. Бул коомчулукта ар кандай талкууларды жаратып, мындай дарылоо ыкмасына көпчүлүк сын-пикирин айтышкан.