Өлкөдө мамлекеттик кызматкерлер 4 күн бою эс алышат. Бул тууралуу Саламаттыкты жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кызматкерлер 4 күн бою, тагыраагы 28-29-30-31-августта эс алышат.
"Кызматкерлер тарабынан дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында өкмөт 2021-жылдын 4-майында №188 "Эс алуу күндөрүн которуу жөнүндө" токтом кабыл алынган.
Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 10-майындагы эс алуу күнү 2021-жылдын 30-август иш күнүнө которулган", - деп жазылат маалыматта.